Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жаш талант: 16 жаштагы Э.Осмоналиев бийчилик, сүрөтчүлүк өнөрлөрүн такшалтууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 16 жаштагы тургуну Эржан Осмоналиев 7 жашынан бери сүрөт тартуу жана бийлөө менен алектенет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бийге сыналгыдан ар кандай бий сынактарды көрүп кызыгып калган.

«Эң биринчи жолу 1-классымда жаңы жыл майрамында лезгинка бийин бийлегем. Кийинчерээк бийлердин түрүн үйрөнүп, азыркы кезде электробуги, поппинг жана флексинг бийлерин бийлейм. Мектепте ар кандай иш-чаралар болсо мени чакыра калышат. Бул бийлерди бийлеп чыгышыма таенем түрткү болгон. Мага жөлөк-таяк болуп, бийлеген бийлериме көңүл буруп, кийимдерди жана башка керектүү буюмдарды таап берип турду.

2017-жылы Бишкектен бийчилер келип, сынак уюштурду. Сынакка 4 райондун бийчилери катышкан. Мен «Жалын бий» менен Атай Өмүрзаковдун «Шаман бийин» бийлеп, 3-орунду алгам. Андан соң «Короли танцпола» сынагында «MD club» тобунда бийлеп, анда да 3-орунга ээ болдук.

Бир жолу эл алдында бийлеп жатып, бийдин орто ченине келгенде музыка өчүп калды. Эмне кыларымды билбей, сахнада катып туруп калдым. Музыка уланып, бийди улантып жатканда кайра музыкам токтоп калды. Мен да кайра катып калдым. Залдагыларды карасам баары күлүп жатыптыр», - деди ал.

Бийчи жигит мындан тышкары сүрөт тартуу боюнча дагы сынактарга катышып келет.

«Сүрөт тартууга кызыгуум 2-классымдан башталды. 2-классымда мектептен сүрөт сабагы болуп, "9-май — Жеңиш майрамын чагылдырып сүрөт тарткыла" деп тапшырма берилди. Мен китептен көрүп, бир сүрөттү тарткам. Ал жакшы окшошкондуктан сүрөт тартууга кызыгып калдым. 2016-жылы «Көчмөндөр» деген республикалык сынакка сүрөт тартып катышып, 3-орунду алгам. Кийинчерээк «Крылья победы» деген республикалык сынактан 2-орунду алгам. Жалпысынан республикалык сынактарда 7 жолу алдыңкы орундарга ээ болдум», - деди ал.

Бийчи-сүрөтчү жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2679
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×