Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 13.02.2018 10:29

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык бийчи Н.Канатбекова Оштогу сынакка катышууга даярданууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 18 жаштагы тургуну Нуркыз Канатбекова 3-классынан бери бий менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы бийчи кыздан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде 2-курстун студенти.

«3-классымдан баштап бийге кызыгуум артып, Таластагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебине баргам. Ата-энем колдоо көрсөтүшкөн. Жаңы барганда көп кыймылдарды үйрөнө албай кыйналгам. Кээ бир учурда барбай койчумун. Атам бий мектепте иштегендиктен мугалимдерим "кызыңыз сабакка келбейт" деп атамдан айттырып жиберишчү (күлүп).

1-курста «Ала-Тоо жазы 2017» фестивалына Таластын атынан катышып келгем. Ошол эле жылы Ысык-Көлдө өткөн «Достук» фестивалына катыштым. Учурда Ошто боло турган сынакка даярданып жатам», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×