Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Эгиздер: Таластык Кымбат менен Сымбатты кээде апасы дагы алмаштырып алат (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылындагы 12 жаштагы эгиздер Кымбат менен Сымбат Султанбековаларды кээде апасы дагы алмаштырып алат.

Кымбаттын айтымында, Сымбат биология сабагына кызыгат. Өзү музыка сабагын жакшы көрөт.

«Биз үйдөн сабакты дайыма чогуу окуйбуз. Үйдөгү жумуштарды кезектешип кылабыз. Кичине кезибизде жөжө талашып урушуп кетчүбүз (күлүп). Азыр тескерисинче бир-бирибизди бүт жактан колдоп турабыз. Бизди мектептен мугалимдер да көп алмаштырышат. Кээде апабыз дагы алмаштырып алат. Биздин эгиз болуп төрөлөрүбүздү дарыгерлер дагы билбептир.

Учурда М.Мамбетов атындагы орто мектепте 7-класста окуйбуз. Мен чоңойгондо белгилүү ырчы болгум келет. Бирок ата-энем биздин дарыгер болуубузду каалайт», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 7 бир туугандын төртүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1821
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×