Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Талас

Жаш талант: Таластык 2 классташ Бердике айыл өкмөтүн дотациядан чыгарууга идея сунушташты (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 17 жаштагы тургундары Бектурган уулу Нурислам менен Кубанычбек уулу Дастан Беш-Таш кичи ГЭСнин жана туристтик эс алуу жайынын макетин жасашты.

Өздөрүнүн айтымында, учурда айылдагы мектепте 11-класста окушат.

Нурислам: Биз бул кичи ГЭСтин макетин Бердике баатыр айыл өкмөтүндөгү Козучак, Арашан, Кум-Арык айылдарынын жашоочуларынын электр энергиясына болгон муктаждыктарын жоюу максатында жасадык.

Дастан: Электр энергиясы менен камсыздаган соң бизге «Беш-Таш» улуттук паркында эс алуу, туристтик жайын куруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Нурислам: Андан тышкары ошол эле аймакка балык өстүрүү жайын кошо куруу керек. Бул идея менен Талас аймагындагы Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн экономикасын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Чет өлкөлүк туристтер канчалык көп келсе, Таластын экономикасы да ошончолук көтөрүлөт.

Дастан:Ошол себептен биз ушул идеяны көтөрүп жатабыз. Мектепти бүткөндөн кийин ушул идеяны иш жүзүнө ашыруу үчүн билим алабыз деген максаттарыбыз бар. Биздин айыл өкмөт дотацияда отурган айыл өкмөттөрдүн катарына кирет. Ошондуктан бул идеябыз ишке ашса, айыл өкмөттү дотациядан алып чыгууга шарт түзүлөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2264
×