Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө эки жолу соттолгон жаран 10,1 кг баңгизат менен кармалды

Turmush -  ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизаттарды даярдоо, сактоо жана өткөрүүгө шектелген адамды кармады.

Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, Ысык-Көл облусундагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бүгүн, 14-февралда буга чейин эки жолу соттолгон Х.А. кармалып, аны текшерүү учурунда кара куурай табылды. Алынган баңгизаттын (гашиш) жалпы салмагы 10,1 килограммды түзөт.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо,сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) негизинде кылмыш иш козгоду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 352
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×