Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Талас облусуМанас району 21.02.2018 11:10

Манастагы талааларга 1-марттан тарта сугат суу берилет

Turmush -  Манас райондук суу чарба башкармалыгы сууну үнөмдөө, аны максаттуу пайдалануу үчүн чарбалык каналдарда жана арыктарда өскөн тал-теректерди кыркып жатат. Бул тууралуу Манас райондук суу чарба бөлүмүнүн жетекчиси Жыргалбек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, дарактарды кыюуга Мамэкотехинспекциядан уруксат алынган. Мында жасалып жаткан иштер 4-5 күндө аяктап калат. Анткени 1,5 км аралыкта тазалоо иштери жүрүшү керек. Тал-теректерден тазаланган соң арыктардын ичи казылат. 1-марттан тарта талааларга сугат суу берилүү керек.

Бүгүнкү күндө Киров суу сактагычында 244 млн куб метр суу чогулду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Буга карабастан Манас районунун дыйкандарына суу жетиштүү болот. Манас районуна жаз башка аймактарга салыштырмалуу 2 жумага эртерээк келет. Райондо 20 миң гектардан ашык айдоо жерлери бар. Анын ичинен 1804 гектарына күздүк буудай эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×