Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуБакай-Ата району 23.02.2018 18:10 На русском

Таласта Бишкектен дарыгер күткөн хирург бычакталган бейтаптын кан тамырын 8 саат бою кармап турган

Turmush -  Бакай-Ата аймактык ооруканасындагы хирург Марип Ибраимов бычактан алган жаракат менен түшкөн бейтаптын кан тамырын 8 саат бою кармап турган. Ал Бишкектен бара жаткан хирургду күткөнүн Улуттук госпиталдын дарыгери Эльза Токтоназаров социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Анын айтымында, Бакай-Ата аймактык ооруканасына 21-февралда саат 20:00 чамасында 1988-жылы туулган О.Э. бычактан жаракат алып, оор абалда түшкөн. Бейтапка дароо операция жасалып, ошол эле убакта Бишкектен кан тамыр боюнча дарыгер Жунус Акышов чакырылган. Аталган дарыгер 22-февраль күнү саат 04:00дө ооруканага барган.

Дарыгерлер операцияны ийгиликтүү аяктап, бейтаптын абалы туруктуу деп бааланып жатат. Э.Токтоназаров жарыялаган маалыматка караганда, бейтап мас абалда мушташып, анын кесепетинен бычактан жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×