Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 27.02.2018 10:45

Таластын Көк-Токой айылындагы мектептин курулушу токтоп калды

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылындагы Ш.Шеркулов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу токтоп турат.

Мектеп директору Уланбек Давлеталиевдин айтымында, жаңы мектептин курулушу мындан 2 жыл мурун башталган. Бирок бюджеттен бөлүнүүчү каражат толук берилбей, курулуш токтоп турат. Жалпы 275 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл бүткөрүлсө элеттик окуучулардын билим алуусуна жакшы шарт түзүлмөк.

Эски мектеп 1964-жылдары курулган. Учурда эски имарат авариялык абалга келген. Мектеп ашар ыкмасы менен салынып, курулуш эрежелери толук сакталган эмес. Айыл тургундары балдарын айласыздан бул мектепке жиберип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×