Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 27.02.2018 12:36 Жаңыланды: 24.09.2018 22:01

Айыл турмушу: Кара-бууралык мугалим А.Сатымкуловдун сабагынан качкан окуучулар азыр 40 жашка келип калды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Шекер айылынын 69 жаштагы тургуну Абдыжапар Сатымкулов 37 жылдан бери мектепте мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кийинки жылы пенсияга чыгат.

«1981-жылы Ош педагогикалык институтунун башталгыч класстардын мугалими бөлүмүнө тапшырып, 1986-жылы сырттан окуп бүтүргөм. Мектепте 1981-жылдан баштап иштеп жатам. Алгач кол эмгек сабагынан сабак берчүмүн. 1986-жылдан баштап башталгыч класстарга 16 жыл сабак бердим. Ошол 16 жылдын ичинде 4 класс бүтүргөнгө жетиштим. Андан соң чийүү жана сүрөт сабагынан азыркы күнгө чейин сабак берем. Сүрөт сабагы боюнча ийримдерге катышып, сертификат алгам. 2015-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамын алдым. Биринчи бүтүрүүчүлөрүм өткөн жылы 20 жылдыгын белгилешти. Экинчи бүтүрүүчүлөрүмдүн арасында өзүмдүн кызым бар», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле сабактан качып кеткен окуучулары тууралуу кеп салды.

«Класс жетекчи болуп жүргөн кезде бир окуучу балабыз сабакка келчү эмес. Директор «эмнеге сабакка келбейт?» деп урушканынан үйүнө бардым. «Агай азыр чыгам» дегенинен көпкө күтүп отурдум. Көрсө ал окуучум терезесинен чыгып, качып кетип калыптыр. Аны билип калып, кийин 2 окуучу ээрчитип бардым. Бирөөсүн терезенин жанына экинчисин эшиктин оозуна кароолчу кылып койдум (күлүп). Азыркы учурда ал окуучуларым 40 жашка жакындап калышты», - деди ал.

Мугалим 1 уул, 1 кыздын жана 4 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×