Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Айыл турмушу: Таластык 80 жаштагы Рыспай ата азыр да 100 миң сомдук ат жабдыктарды жасайт (фото)

Turmush -  Талас районундагы Арал айылынын 80 жаштагы тургуну Апышов Рыспай ата жасаган ат жабдыктарды чет өлкөлүктөр да алып кетишет. Аймактык кабарчы уста аксакал менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен бери устачылык, зергерчилик менен алектенет.

«Атам булгаары менен иштечү. Ал убакта мен баламын да, атам жасаган буюмдарды министрлерге чейин алып кетишсе, «кийин мен да атамдай болуп иштеп, жасагандарымды министрлерге чейин сатам» деп кыялданчумун. Атамдын жанында жүрүп ат жабдыктарды жасоону ийне-жибине чейин үйрөнүп алдым. Айылда дыйканчылык менен күн өткөрөт эмеспи. Дыйканчылыктан тышкары 1970-жылдан бери ат жабдыктарды жасап келем. Бул иш менен алектенгениме 48 жылдын жүзү болду.

Ээр жасап, камчы, жүгөн жана башкаларды токуйм. Буларды жасап бүтүү 1,5 айга чейин созулат. Керектүү каражаттарды 10 миң сомго сатып алам. Ат жабдыктын топтомун 100 миң сомго баалайм. Союз учурунда 1 жылкыга баалап алып кетишчү. Азыр заман өнүккөндүктөн ат жабдыктарга көпчүлүк кызыкпай келет. Бирок менин жасаган ишимди атайын чет жактан келип, кызыгып алып кетишет. Бул нерсени өзүбүз баалабай, чет элдиктер баалап жатканы мени өкүндүрөт. Азыр карылыкка карабай неберелериме деп баарына бирден ат жабдык жасап жатам», - деди ал.

Рыспай ата жубайы менен 7 баланы өстүргөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2278
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×