Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Айыл турмушу: Манастык А.Батырбеков 2 жылдан бери күнөсканада жашылча өстүрүп киреше табууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Манас айылынын тургуну Алмазбек Батырбеков 2 жылдан бери күнөсканада жашылча өстүрүп киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, былтыр узундугу 20 метр, туурасы 8 метрди түзгөн күнөскана куруп, помидор өстүргөн. Биринчи түшүмүн жакшы алып, бир топ киреше тапкан. Быйыл күнөсканада бадыраң өстүрүүнү пландап жатат.

«Бадыраң башка жашылчаларга караганда эрте түшүм бергендиктен бадыраң айдоону туура көрдүк. Эгерде эрте жазда бадыраңдан түшүм алып калсак, анда түшүмдү Манас районунун аймагына гана эмес коңшу Жамбыл облусуна сатсак болот», - деди ал.

Манас району Талас облусунун түндүк-батышынан орун алгандыктан бул аймакка жаз дээрлик 1 ай эрте келет. Андыктан бул райондун эли эрте жаздан тартып айдоо аянттарына болгар калемпирин, бадыраң, помидор эге башташат. Түшүмдү Казакстандын Жамбыл облусундагы базарларга алып барып сатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1235
Көп окулду
×