Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Айыл турмушу: Ф.Күмүшбекованын орусча учурашканды үйрөткөн окуучулары жогорку окуу жайларда окуп жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 33 жаштагы тургуну Фарида Күмүшбекованын 2 окуучусу республикалык олимпиадага жолдомо алышты. Мугалимден аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында чоңойгон.

«Атам күчтүү орус тилчи мугалим эле. Кесип тандоо мага оңой болгон. Атам журнал толтуруп, план жазгандын баарын үйрөтүп койгон. 1-курста эле мектепте орус тилчи мугалим болуп иштеп баштагам. 2004-жылы турмушка чыктым. Ошондон кийин жолдошумдун жумушуна байланыштуу Кара-Буурада иштедим. 7 жылдан бери Талас шаарындагы А.Чолпонкулов орто мектебинде иштеп келем. Бир катар сыйлыктар менен сыйландым. Мектепте окуучуларды предметтик олимпиаларга даярдайбыз. Биринчи олимпиадага даярдаган окуучум облустан 2-орунду алып, мактоолорду укканбыз. Андан кийинки окуучуларым да алдыңкы орундарды алып келет. Быйыл дагы 2 окуучум алдыңкы орунга ээ болуп, республикалык турга жолдомо алышты. Мугалим өзү биринчи орунга ошол олимпиаданы коюп алып, андан кийин окуучуну даярдаш керек. Мен бош убактымда окуучуларды даярдадым. Окуучудан да көп нерсе чечилет. Ошол предметке кызыккан окуучу гана аны алып кете алат.

Мугалим изденип иштеш керек. Өзүмө окуучу тандаганда эң биринчи дилбаян жаздырып көрөм. Теманы ачып бериш керек, ой жүгүртүүсү кандай экенин көрөм. 5-6 сүйлөм менен оюн толук берип койгон окуучулар болот. Сабакта окуучуларыма талапты катуу коем. Мектептен өзгөчөлөнүп өзүмдүн классым окшош форма кийишет. Сабагымды кызыктуу өтүүнүн камында болуп, ар дайым методиканы өзгөртүп турам. Монолог, диалог, интерактивдүү жана башка методдор колдонулат», - деди ал.

Каарманыбыз окуучуларынын кызыктуу окуясын да айтып берди.

«Жаңы мектепке кирген кезим. Башталгыч класстарга орус тилден сабак берчүмүн. Окуучулар эч сөз билишпейт, барын баштан үйрөтөм. Бир окуучум кечигип келгенинен «Здравствуйте, можно войти?» деп айтканды үйрөттүм. Эртеси көчөдөн окуучуларым «Здравствуйте можно войти?» деп саламдашышкан. «Муну көчөдөн эмес, класска киргенде айтат» деп кайра үйрөттүм. Ал окуучуларым чоңоюп, жогорку окуу жайларда окуп жатышат», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөдө 2 уул, 1 кыздын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1820
Көп окулду
×