Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 02.03.2018 19:15

Таластагы студенттер апаларга концерт тартуулашты (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде «Чоролор сунат ыр десте» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Айнура Орумбаева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара шаардагы медициналык коллдеж тарабынан уюштурулду.

«Кечеге Талас облусундагы жетекчи айымдар, иш-чарага катышкан мырзалардын апалары жана шаардык мэриянын өкүлдөрү чакырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, апаларга арналган жагымдуу чыгармалар аткарылып, юмор, сатира тартууланды. Ырчы мырзалар — Замир Иманалиев, Нурлан Эржанов жана башкалар жагымдуу ыр десте аткарып беришти. Ошондой эле, Алтыбай Калгиев колледждин 41 мырзасынын коштоосунда чыгарма аткарып, гүл дестелер тапшырылды», - деди ал.

Иш-чарага жалпы 150дөй адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×