Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 05.03.2018 10:40 Жаңыланды: 09.03.2018 11:45

Айыл турмушу: Кара-бууралык Ж.Токтоболотова Голландияда өскөн гүлдөрдү алдыртып келип сатууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун 27 жаштагы тургуну Жазайым Токтоболотова 3 жылдан бери Голландияда өстүрүлгөн гүлдөрдү сатат. Аймактык кабарчы ишкер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас шаарында чоңойгон. Гүлдөрдүн эң кымбаты 5 миң сомдук пальма деп аталган гүл. Аны атайын буйрутма болсо гана алдырат.

«2009-жылы Кара-Буура районуна келин болуп келдим. Үйдө отуруп зерикпейин деп бул иш менен алектенип келем. Башында өзүмө сатып алып өстүрчүмүн. Кийин сатып алуучулар көп келе баштады. Эл кызыгып ала баштагандыктан сатууга туура келди. Азыркы убакта Голландиянын гүлдөрүн сатам. Мага жума сайын гүлдүн ар кандай түрлөрү келип турат. Баалары түрлөрүнө жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин болот. Ар бир гүлдүн топурагы, дарысы бар. Гүлдү сатып жатканда кантип карашты, кандай топурак, кандай дары керектигин айтып берем. Голландиядагы гүлдөргө жума сайын буйрутма берип турам. Гүлдөр 2 жума дегенде келет. Гүл саткандар Бишкекте дүңүнөн саткандарга буйрутма беребиз. Алар Голландиядан алдырып беришет. Бул жолу Голландиядан жалпы 300 даана гүл келди. Башка күндөрү мындан азыраак алдыртам.

Балдарым кичинекей болгонуна байланыштуу гүлдөргө убактым аз. Бирок кардарларымды таштабайын деп жетишип иштегенге аракет кылып жатам. Кардарларым күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Интернет аркылуу алыста иштеп жүргөн кыз-келиндер апаларына, туугандарына көп алышат. Мен гүлдөрдү айтылган дарекке жеткирип берем, алар акчаларын банк аркылуу которуп турушат», - деди ал.

Ишкер айым жолдошу экөө 3 баланы тарбиялоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×