Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 06.03.2018 11:03

Айыл турмушу: Таластык А.Нуракова кагаздан гүлдөрдү жасап сатып ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылынын 19 жаштагы тургуну Анара Нуракова майрамга карата кагаздан гүлдөрдү жасап сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас облустук медициналык колледжинде 2-курста окуйт.

«Гүл үйдүн көркү болот эмеспи. Ар бир аялзаты гүлгө жакын болгондой мен да гүлгө абдан кызыгам. Өзүм 3 айдан бери кагаздан гүл жасап келем. Алгач апама арнап тааныш кыздан гүл сатып бергем. Ошондо мен деле мындай гүлдү жасасам болот экен деп кызыга баштадым. Мисалы бир гүлдү жасоо 4-5 саат убакытты алат. Гүл гофрокагаздардан жасалат.

Азыр майрамга карата гүлгө буйрутмалар көп түшүп жатат. Аларды кардарлардын тандоосуна карата жасайм. Белек катары гүлгө топперлерди кошуп берем. Гүлдөр 400 сомдон 700 сомго чейин бааланат», - деди ал.

Анара үй-бүлөдө 2 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×