Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуБакай-Ата району 06.03.2018 16:14

Бакай-Атанын Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп М.Укуев шайланды

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы Марлис Укуев бүгүн, 6-мартта кызматына расмий түрдө киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, ал айыл өкмөт башчысы болуп жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайланган.

Марлис Укуев 1982-жылы Кең-Арал айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан юриспруденция адистигин алып чыккан. Айыл өкмөт башчысы кызматына чейин Талас облустук сотунда, Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси кызматтарында эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×