Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 07.03.2018 17:09

Таласта мекемелерде иштеген кыз-келиндердин спорттук мелдештери өттү

Turmush -  Талас шаардык мэриясы тарабынан 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата спорттук оюндар уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарага мамлекеттик 5 мекемеде иштеген кыз-келиндер катышып, волейбол, бута атуу боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунга Талас мамлекеттик университетинин командасы ээ болуп, мактоо баракчасы жана 12 миң сомдун сертификат берилди. 2-орунга №90 кесиптик окуу жай ээ болуп, 8 миң сом утту. 3-орунга Талас облустук поликлиниканын командасы ээ болуп, 5 миң сом менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×