Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 10.03.2018 13:15

Таласта салтка айлануучу «Ынтымак жыйыны» спорттук мелдеши башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-мартта Кара-Буура районунда Талас облусундагы райондор аралык «Ынтымак жыйыны» спорттук мелдеши өтүп жатат. 20-40 жаштардагы күрөшчүлөр арасындагы ынтымак мелдешин Кара-Буура жана Манас райондору биргеликте уюштурду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Уюштуруучу команданын өкүлү Шермадин уулу Исламдын айтымында, ушундай эле мелдеш кийинки жолу Талас шаарында өтөт.

«Жаш муунга үлгү көрсөтүү, жаштарды билимге, спортко, эмгектенүүгө үндөө максатындагы иш-чара өтүп жатат. Бул саамалык облустун башка аймактарында дагы улантылат», - деди И.Шермадин уулу.

Мелдештин аягында жеңүүчүлөргө ашкана буюмдары белекке берилет. Ошондой эле, биринчиликти ээлеген команда кубок жана 5 миң сом акчалай байге менен сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×