Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Ы.Кулушев Талас облусунун жетекчилигинин аппаратын жетектемек болду

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп Кулушев Ырсахун Дүйшөнович дайындалды.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка облус жетекчиси Марат Мураталиев кол койду. Аталган кызматты буга чейин ээлеп келген Замир Качканаков жазган арызынын негизинде ишинен бошотулду.

Кадрлар жана укуктук камсыздоо секторунун жетекчиси Улан Жетигеновдун айтымында, Ы.Кулушев аталган кызматка убактылуу дайындалды. Аппарат жетекчиси кызматына иштей тургандарга сынак жарыяланат.

Ырсахун Кулушев

Резюмеси:

Туулган жылы — 1961-жыл 22-октябрь.

Үй-бүлөлүү.

1986-1991-жылдары Жамбыл техниологиялык институтунда билим алган.

Эмгек жолу:

- 1991-1998-жылдары — Талас айыл чарба техникумунун директорунун өндүрүштүк окутуу боюнча орун басары;

- 1998-2001-жылдары — Талас облустук мамлекеттик администрациясынын мобилизациялык даярдык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2001-2002-жылдары — Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча комиссиянын карыздар бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2002-2007-жылдары — Бишкек аймактык Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси;

- 2007-2009-жылдары — жеке ишкер;

- 2009-2011-жылдары — Мамлекеттик материалдык резервдин алдындагы Түндүн базанын жетекчиси (Балыкчы шаары);

- 2011-2015-жылдары — «Голден Ун» ЖЧКнын директору;

- 2015-2017-жылдары — жеке ишкер;

- 2017-жылдан азыркы убакытка чейин Бишкектеги профессионалдык лицейдин директорунун орун басары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1083
Көп окулду
×