Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык М.Мейманалиев 200дөн ашык рэп ырдын автору (видео)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 21 жаштагы тургуну Мирлан Мейманалиев 200дөн ашык рэп ырдын автору. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ырларды 6-классынан баштап жаза баштаган.

«Бир жолу досумдун үйүнөн рэпер Эминемдин ырын угуп калдым. Андан кийин өзүм жазган ырларымды рэп түрүндө окуп көрдүм, бирок окшошпой койду. Интернеттен музыка таап алып, ошого бир ыр жаздым. 7-класста дос балам экөөбүз «Универсал» деген топ түзүп, «Сени сүйөм» деген ыр чыгардык. Аны телефон аркылуу тааныштарга тараттык. Ал ыр бир аз болсо да дем берди. Досум экөөбүз топто 1 жыл ырдап жүрдүк. Андан кийин мен башка ат менен ырдап жүрдүм. Ушул кезге чейин бирөөнүн текстин алган эмесмин. Азыркы учурда 200дөн ашык ырым бар, бардыгын өзүм жазгам.

Бир ирет Таластагы радиодо маек берип кадым. Алып баруучу кыз угармандардан келген «сүйлөшкөн кызыңыз барбы?» деген суроону берди. Мен ал кезде жылдыз оорусу менен ооруп, 1 эмес, 3 кыз менен сүйлөшүп жүргөм. Бирок мен «сүйлөшкөн кызым жок» деп койдум. Ага чейин үч кызга тең «мен интервьюга бара жатам, сүйлөшкөн кызым жок десем таарынба, ал менин рейтингим үчүн» деп айтып койгом. Ошол суроодон кийин эфирге ыр коюшту. Эң кызыгы бир маалда алып баруучу кызга угармандардан «микрофонуңар өчпөй калыптыр» деген кат келди. Мен ошол учурда алып баруучу кызга «уялбай эле жок деп койдум, бирөө эмес, үч кыз менен сүйлөшөм» деп айтып жаткам (күлүп).

Азыркы учурда шоу-бизнеске баш отум менен киришейин деп жаңы ырларды даярдап жатам», - деди ал.

Рэпер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2049
Көп окулду
×