Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Бала тили — бал: Тилимди чыгайып уктаган жагат, - 3 жаштагы Нурали (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолу Талас районунун Көк-Токой айылында жашаган 3 жаштагы Нурали Камчыбеков кабарчынын суроолоруна жооп берди.

- Атың ким?

- Уали (Нурали).

- Кимдин баласысың?

- Ытейинин (Рыскелдинин).

- Апаңдын аты ким?

- Аматуй (Алмагүл).

- Бала бакчага барасыңбы?

- Ыкы байбайм.

- Эмнеге?

- Эйтең чоңойгондо байам.

- Эмне кылганды жакшы көрөсүң?

- Абаза менен ботусташканды (Абаза Азамат акеси).

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Бийбейм.

- Апаң жакшыбы же атаңбы?

- Байы жакшы.

- Мектепке качан барасың?

- Чоңойгондо байам.

- Сабактардан канча аласың?

- Бес алам.

- Үйдө эмне кыласың?

- Атышмай ойнойм.

- Канча эжең бар?

- Мека эжем, анан Ыйысжан эжем, анан Айпейи.

- Азамат жакшыбы же Айпериби?

- Абаза жакшы. Ал көп ойнойт.

- Апаң көп урушабы же атаңбы?

- Тентек кыйганда экөө тең уйушат.

- Бардыгынан да эң жакшы көргөнүң эмне?

- Папамдын кашын каймап, тилимди чыгайып уктаган аябай жагат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 842
Көп окулду
×