Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Кайын эне: Калдыкыз апа келин болгон кезинде кайын энесинен суранып, курбулары менен ойноп келчү (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы 81 жаштагы «Баатыр эне» Салыбекова Калдыкыз апа келин болгондон кийин да кайын энесинен суранып, балдар-кыздар менен ойноп келчү. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1937-жылы Бакайыр айылында туулган. Жолдошу Максулбек Салыбеков 62 жашында көз жумган.

«Көк-Сай айылына 16 жашымда турмуш куруп келгем. 5 кыз, 4 уулдун энесимин. Жолдошум менден 7 жаш улуу болчу. Жаңы келген кезде жаштыгыма байланыштуу жумуш кылганды билчү эмесмин. Нан жапсам күйүп калат, бешбармак кылсам эзилип кетет. Жумуштарды кайын энем эле жасап жүрчү. Мен кайын энемдин биринчи келини болчумун. 2 кайын иним бар эле. Алар үйлөнгөнчө кайын энемдин көзү өтүп кетти. Андан соң мен кайын эне болуп калдым (күлүп). Келин болуп келгенден кийин кыштоодо жашачубуз. Ал жакта 6-7 чоң кашар бар болчу. Кошуна келиндер, кыздар, балдар болуп ырдап ойночубуз. Кечинде кайын энемден суранып, балдар-кыздар менен ойночумун. 1 саат ойногондон соң апам кайын инимди мени чакырып келүүгө жиберчү», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келин болуп келгендеги кызыктуу окуясын айтып берди.

«Келин болуп келгенимде нан жапканды билбей кыйналчумун. Кошуналарыбыздын арык ити бар экен. Күйүп кеткен нанды дароо ошого ыргытып жиберем (күлүп). Бир күнү коңшубуз келип, «ушул келин келгенден бери итибиз семирди» деп күлөт. Ал эми кайын энем: «келин келгенден бери келген-кеткендер көп болуп, арткан тамактын барын итке берип жатабыз» деп койду», - деди ал.

Калдыкыз апа уулдарын жалгыз үйлөнткөн.

«Келин алганда жолдошум жок болчу. 5 келин алдым. Эжемдин 1 баласын багып, аны үйлөндүрдүм. Бирок кийин ал балам каза болуп калды. Андан кийин өзүм төрөгөн 4 балама жубай алып бердим. Келиндеримдин бары жакшы. Биринчи келинимди бөлдүм. «Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт» дейт, ошондуктан экинчи келинимди алып калдым. Андан кийин аны бөлүп, үчүнчүсүн алдым. Алар менен 1 жыл жашап, аларды бөлүп, учурда төртүнчү келинимди колума алып калдым. Азыр небелеримди чоңойтуп жатам», - деди ал.

Калдыкыз апа 9 бала, 36 небере жана 38 чөбөрөнүн энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1092
Көп окулду
×