Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусу, Токмок 12.03.2018 14:54 На русском

Токмокто жаңы көз жарган эненин бутун күйгүзгөн дарыгер менен медайым сөгүш алды (фото)

Turmush -  Токмок шаардык төрөт үйүндө жаңы көз жарган эненин бутун дарыгерлер грелка менен күйгүзүп салышты. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдүн биринен жабырлануучунун тууганы билдирип чыкты.

1436226.1.1520837288

Анын айтымында, мындан бир ай мурун тууганы Токмок шаардык төрөт үйүндө көз жарган.

«Жатындагы жаранын бүтпөгөндүгүнө байланыштуу энени операция жолу менен төрөтүшкөн. Операция жакшы өттү. Бирок жабырлануучуну операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырбай, дароо эле бөлмөгө которушкан. Эненин операциядан кийинки чыйрыгуусун токтотуу үчүн эки бутуна грелка – ысык суу куюлган желим бөтөлкөлөрдү коюшкан. Бирок алар наркоздон кийин эсине келбей уктап жаткан жабырлануучуну унутуп калышкан», - деди ал.

Көпкө коюлган грелканын кесепетинен жаңы көз жарган эне катуу күйүк алган. Учурда ал Бишкектеги оорукананын күйүктөр бөлүмүндө дарыланып жатат. Ал эми, анын ымыркайын туугандары багууда.

Токмок шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси Бактыгүл Исаеванын айтымында, аталган аял төрөтканага 5-февраль күнү жаткырылган.

«Биздин дарыгерлер ага операция жасашты. Ооруну басаңдатуучу дарылар берилгендиктен операциядан кийин анын бутундагы сезимталдык төмөндөгөн. Ал төрөттөн кийин титиреп жатканын айтып, медайым бөтөлкөнү сүлгүгө ороп, бутуна койгон. Саат 02:00дө эч нерсе өзгөрбөгөнүн айткан. Медайым жылытуучу каражатты алмаштырган. Бул учурда башка аялдын төрөтү башталып калып, медайым жана дарыгер төрөттү кабыл алууга кеткен. Саат 03:00дө медайым аталган аялга келип, анын буту күйүп калганын көргөн. Суу ысык болгон окшойт. Медайым жана дарыгер күнөөсүн мойнуна алып, аларга сөгүш жарыяланды. Ал эми, төрөгөн аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулду. Дарыланууга кеткен чыгымдарды биз төлөп беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×