Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Төө-Ашуу менен Ала-Белде кар көчкү түшүшү мүмкүн

Turmush -  10-марттан 13-мартка чейин жааган жамгырга жана туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолундагы 121-138-чакырымдарда (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарда (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн Талас облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери айдоочуларга эскертүүлөрдү берип жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 804
Көп окулду
×