Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 13.03.2018 14:35

Айыл турмушу: Бакай-аталык мугалим Г.Мамбетова окуучулары менен Ленинградга чейин барып келген (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 54 жаштагы тургуну Гүлбайрам Мамбетова 32 жылдан бери мектепте химия сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында чоңойгон. 1985-жылы И.Арабаев атындагы университеттин биология жана химия факультетин аяктап, эмгек жолун Беш-Булак орто мектебинде химия мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

«Жаңы мугалим болуп келгенде окуучулар менен мектепке тиешелүү жерге кызылчага иштетип коюшту. Жакшы жетишкендигибиз үчүн Россиянын Ленинград шаарына 10 күнгө жолдомо алып, барып келгенбиз. Азыр ал балдар мектепти бүтүп, ар кимиси ар кайсы жакта кызмат кылышат. Кээде жолугушуп калганда ошол жакка барганыбызды, кызыктуу окуяларыбызды эстеп күлүп калабыз.

Химия сабагы абдан оор жана татаал сабактардын катарына кирет. Окуучуларга кызыктуу жана жеткиликтүү болушу үчүн сабакты дайыма ар кандай ыкма менен өткөнгө аракет кылам. Бул жылдар аралыгында «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси жана башка сыйлыктар менен сыйландым. Химия сабагынан 8 жолу республикалык олимпиадага окуучуларды чыгардым», - деди ал.

Мугалим айым жолдошу экөө 4 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×