Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Талас

Айыл турмушу: Океандын иниси Толкунбек волейбол боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Сасык-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну Мирлан уулу Толкунбек волейбол боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, эркин күрөш менен машыгып жүрүп, кийин волейболго өтүп кеткен.

«Негизи спорттун көп түрүн ойнойм. Бирок волейболго басым жасайм. Мурун эркин күрөш менен машыкчумун. Машыкпай калганыма 2 жыл болду. Волейболго кызыгууга Абдыкеримов Турусбек агайым түрткү болду. Шаарга алып барып машыктырды. Учурда «Талас Шумкар» клубунун чабуулчусумун. Кыргызстандын бардык облустарына барып, байгелүү орундарды алып келе жатабыз. Андан тышкары Казакстандын Алматы шаарында да болдум. 2017-жылдын май айында Бишкекте колледждер аралык оюнда Таластын командасы 1-орунду алганбыз. Ошол ийгилик эсимден кетпейт. Эшикте ойноп жатабыз, жамгыр жаап суу болуп, жер ылай... Аябай кызыктуу болгон.

2015-жылы октябрь айында Караколдогу мелдешке бардык. Суу муздак кез, көлгө түшүп, агайыбыздан аябай тил укканыбыз эсимде. Машыгууну дагы абайлап аткарыш керек. Кээде дене мүчөңдү кокустатып аласың, кээде агайыңдан тил угасың. Мурун машыктыруучумдан аябай көп тил укчу элем. «Машыкпайм, мындан ары ойнобойм» деген күндөр да болгон», - деди ал.

Спортчу жигит мындан тышкары үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«Ата-энем дайыма колдоо көрсөтүп келет. Мелдештен жеңишке ээ болуп келсем атам апама «бул менин балам, мени тарткан» деп калат. Утулуп келгенде «сенин балаң» деп апамды чычалатып калат. Атам менен апам экөө тең географ болгондуктан биздин аттарыбызды ошого байланыштырып койгон. Эң улуу эжемдин аты Жанара, агам Океан. Андан соң мен Толкунбек, кичүү иним Болсунбек. Биздин аттарыбыз «жанар океандай толкундуу болсун» дегенди түшүндүрөт», - деди ал.

Волейболчу жигит күрөш жаатында ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын чемпионатына чейин катышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1729
Көп окулду
×