Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Айыл турмушу: Манастык С.Көлбаев 10 миң долларлык аргымактарды багууда (фото)

Turmush -  Манас районундагы Көк-Дөбө айылынын 50 жаштагы тургуну Сүйүнтбек Көлбаев 5 миң доллардан 10 миң долларга чейин бааланган жылкыларды багат. Аймактык кабарчы жылкычыдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, таптаган аргымактары ар кандай ат чабыштарга катышып келет.

«Союз тараганда мен аскерден келген кезим эле. Ошол учурда колума жаңы кыргыз тукумундагы бээ туш келип калды. Ал кезде майрамдарда ат чаап, байге алмай бар эле. Кызыгып жүрүп, жарым таза кандуу жылкыларды көбөйттүм. Андан соң таза кандуу жылкылардын санын өстүрүүнүн аракетин көрдүм. Атаандаштык күчөп, асыл тукумдуулугуна баа бере баштадык. Мен үчүн саяпкерлик хоббим болсо, бир жагынан бизнес. Жарым таза кандууларды жайлоого чыгарсак, таза кандуу жылкыдан бешөө кышы-жайы үйдө. Казакстандагы досторубуздукунда таза кандуу байталдар тапталууда. Алардын атасы Кыргызстандын 2 жолку чемпиону болгон.

Жылкылардын бирин улакка, бирин ат чабышка даярдайбыз. Көбүнчө байгеге чыгышат. Байгеге тапталып жаткан күлүктү абдан таза кармоо керек. Жем-суунун сапаттуусун берип, убагында даярдоо керек. Бул учурда көбүрөөк каражат кетет. Көбүнчө кой, тайларды утабыз. Короомдогу жылкылар 5 миң доллардан 10 миң долларга чейин сатыкка чыгып калат. Короодогу жаңы кыргыз тукумундагы жылкылар ысык-суукка чыдамкай болот. Таза кандуу англис тукумундагы жылкылардан да кармайбыз. Күзгө пландарыбыз көп, Көчмөндөр оюндарына 2 күлүктү даярдап жатабыз.

Ат таптоо боюнча эксперт болуп калдым десем болот. Балдарыма, коңшуларыма, досторума аттын жакшысын тандап берип, тажрыйбамды бөлүшүп турам», - деди ал.

Саяпкер жубайы экөө 3 баланын ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2186
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×