Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 20.03.2018 08:31

Таластагы студенттер сармерден уюштурушту (фото)

Turmush -  Кечээ, 19-мартта Талас мамлекеттик университетинде Ноорузга карата факультеттер арасында сармерден уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чарага табият таануу жана педагогика факультети, орто кесиптик билим берүү бөлүмү, гуманитардык факультет жана технологиялык факультет катышты. Анда ар кандай ыр-бийлер аткарылып, макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар айтылды. Жыйынтыгында орто кесиптик билим берүү бөлүмү 115 упай менен 1-орунга, педагогика факультети 114 упай менен 2-орунга, гуманитардык факультет 111 упай менен 3-орунга, технология факультети 107 упай менен 4-орунга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×