Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 26.03.2018 17:12

Көпүрө-Базар айылында «Айтматов кылым адамы» сынагы өттү

Turmush -  Кечээ, 25-мартта Талас районунун Көпүрө-Базар айылында «Айтматов кылым адамы» деген темада мекемелер аралык сынак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Акыйкат Токтогулова билдирди.

Анын айтымында, сынакка мектеп мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары, ооруканалардын медайымдары катышты.

«Иш-чарага Айдаралиев атындагы орто мектеби, «Көпүрө-Базар» балдар бакчасынын жамааты, Көпүрө-Базар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана «Кенже кыз» кол өнөрчүлөр жамааты катышты. Иш-чара 5 тапшырма менен өттү. Баардык тапшырмаларда Айтматовдун чыгармалары камтылып, обондуу ырлар аткарылды. Жыйынтыгында 1-орунду Айдаралиев атындагы орто мектеби ээлеп, 1,5 миң сом, 2-орун «Көпүрө-Базар» балдар бакчасы ээлеп, 1 миң сом, 3-орунду Көпүрө-Базар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана «Кенже кыз» кол өнөрчүлөр жамааты ээлеп, 800 сомдон сыйлык алышты. Сынак Айтматовдун чыгармаларын элге даңазалоо максатында уюштурулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×