Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 27.03.2018 18:13

«Манас Ордонун» музейине илгерки соку тапшырылды

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын тургуну Аманбек Мамбеталиев «Манас Ордо» комплексинин музейине өзү сактап жүргөн соку, сокбилек жана чопо чыныны тапшырды. Бул тууралуу музейдин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Анын айтымында, таластыктар өз каалоолору менен «Манас Ордо» комплексине тарыхый табылгаларды, турмуш-тиричиликте колдонулган буюм-тайымдарды тапшырып келет. Анын жыйынтыгында музейдеги экспонаттардын саны жыл сайын көбөйүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×