Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.03.2018 09:11 Жаңыланды: 03.12.2018 14:00

Айыл турмушу: Бакай-аталык Г.Өмүрбекова чеберчиликти апасы менен кайын энесинен үйрөнгөн (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Сай айылынын 54 жаштагы тургуну Гүлнара Өмүрбекова 5 жылдан бери жоолуктарды токуп сатат. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Атанын Боо-Терек айылында чоңойгон. Кесиби боюнча эсепчи. Чеберчиликти апасынан, кайын энесинен үйрөнгөн. Учурда токуунун көп ыкмаларын интернет булактарынан көрүп үйрөнөт.

«Эң алгачкы эмгегим эсимде. Мектепте окуган курагымда «Кыргызстан аялдары» деген журналга оюм салынган туш кийиздердин сүрөттөрү чыгып келген. Аны көрүп алып, кездемелерди Ташкенттен буйрутма берип алдырып, чий баркытты оюп, тукабаны бастырып, үйгө туш кийиз жасагам. Ал илинбесе дагы азыркыга чейин бар.

Турмуш шартка байланыштуу кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө туура келген. Өз апамдан үйрөнгөн өнөрчүлүк бар. Илгери апам кийиздерди оюп жасаганда жардам берип, өзүмө дагы сабак алгам. Апам азыр 80 жашка чыгып калды.

Турмушка чыкканда дагы кийиздерди жасап жүрдүм. Кийин колдонулбай калгандыктан жасабай калгам. Жумуш жок болгондуктан токуп калдым.

Бош отура бербей деп 2013-жылдан бери кол өнөрчүлүгүмдү колдонуп, иштеп келем. Башында курак куроо менен төшөнчүлөрдү тигип, кыздарга сеп даярдап келгем. Азыркы кезде деле буйрутмаларды алып тиге берем. Кышкысын кыздарыма жемпер, байпактарды токуп жүрүп, азыркы кезде жоолуктарды токуп сатып жатам.

Керектүү жиптерди Бишкектен алдырам. Сиңдим Бишкекке көбүрөөк барат. Кээде ошондон алдырам. Ал өзү дагы мыкты токуйт. Жиптердин өңү өчпөгөнүнө, түлөбөгөнүнө жана сапатына карайм. Бир жууганда кирбегенине көңүл бурам. Кайсы фирманын жиби жакшы чыкса ошондон үзбөй алам. Бишкектен алганда бир аз арзанга турат. 3 тоголок жиптен 1 жоолук даяр болот. Метрине жана граммына жараша, кээ бирлери 100 грамм болуп 50 метр жип чыгат. Айрымдардан 100 граммынан 130 метр болуп кетет.

Кардарлар өңдөрүн ар кандай кылып буйрутмаларды беришет. Кардардын айтканына жараша токуп берем. «Чачык кошуп току» дешет. Кээ бирлери «гүл өңдүү формада даярдап бер» дешет. 1 жоолук 800 сом, кыздарга шляпа 200 сомдон болот. Азыр кыш болуп калгандыктан жылуу байпактарды токуп жатам.

Былтыр Ак-Дөбө айылында көргөзмө болгондо катышып, менин эмгектеримдин баары сатылып кеткен. 1 жоолукту такай отуруп иштесем 1 күндө бүтөм. Мен кирип-чыгып токуп, 2 күндө даярдап коём. Буйрутмалар Таластан көп келет. Интернет деген жакшы экен. Көрүп алып, жаңы нерселерди токуй берем. Кыздарга көйнөктөрдү, келиндерге желеттерди дагы токуп сатам.

Токуу жана тигүүчүлүк экинчи кесибим болуп калды. Сыймыктанам, карыганда ушуларды жасап эс алам. Элге жардам берип, бир четинен киреше таап келем. Эмгегим акталат. Мисалы 1 жоолук базарда 1200 сомдон өйдө сатылат. Мен болсо айылга ылайыктуу баа менен 800 сомго берем. Кирип-чыгып иштей берем. Ошондой болсо дагы көздүн майын алат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кыздардын себин дагы даярдайт.

«Токуудан башка дагы кыздын себин даярдатып кетишет. Эл болгондон кийин биринен-бири угуп келишет. Эгер септерди жасоо иштери көп болуп кетсе, абысыным экөөлөп даярдап коёбуз. Негизинен өзүм бүтүргөнгө аракет кылам. Абысынымдын дагы жөндөмдүүлүгү бар. Буйруса абысыным экөөбүз цех ачып, иштетсек деген планыбыз бар», - деди ал.

Чебер айым кол өнөрчүлүктү кайын энесинен да үйрөнгөн.

«1985-жылы Кызыл-Сай айылына келин болуп келгем. Кайын энем да чебер болчу. Ал дагы курактын түрүн кураганды үйрөттү. Кардардын буйрутма берүүсүнө карата, кездемесине жараша баа коюлат. Мисалы курактын 1 метрин 250 сомдон курайм. Бир жер төшөк 1 миң сомдон бааланат. Азыркы учурда курактын түрлөрү көп эмеспи. Бир жактан өзүмө жаккан куракты көрүп калсам курап коймой адатым бар», - деди ал.

Гүлнара айым 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×