Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Айыл турмушу: Манастык Г.Корчуева тиккен баш кийимдер Германияга чейин сатылат (фото)

Turmush -  Манас районунун Сары-Булак айылынын 32 жаштагы тургуну Гулира Корчуева жасаган баш кийимдер Германия чейин сатылат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча тигүүчү.

«Кичинемде апамдан кайчыны бекитип алып кездемелерди кыркып, тил укчумун. Башында жалаң гана тигүүчүлүк менен алектенип, кездеме менен иштесем, 2 жылдан бери кийизден буюмдарды жасайм. Бул жакта атайын эжелер менен чогуу жасайбыз. Көбүнчө баш кийимдер шляпаларга көңүл бурулат. Баш кийимдер 1500-2000 сомго чейин сатылат. Көбүнчө Германиядан буйрутма келет. 200 сомдон башталган сувенирлер бар. Паннолор 500 сомдон өйдө сатылат. Кйизден жасалган уютулган шурулар 2000 сомдон кетет. Тоголоктору 30 даанадан өйдө болот. Жасаган эмгектерибизди Италияга, Германияга көргөзмөгө жөнөттүк. Негизи кийиз менен иштөө оор. Станок болсо кийиз 1 күндө даяр болот. Андан кийин боелуп, кургатылып, формага салынат. Баш кийим жасоонун эң эле кыйыны чекесиндеги сайма. Ал сайма ийне менен сайылгандыктан 1 баш кийим 3 күндө бүтөт. Келечекте кийизден кийимдерди, сувенирлерди көбөйтүп, чет мамлекеттер менен иштешели деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Чебер айым 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 615
Көп окулду
×