Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 05.04.2018 12:15

Э.Камчыбеков Таластагы «Таза суу» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Талас шаарынын «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жаңы жетекчиси болуп Эркинбек Камчыбеков дайындалды.

Анын бул кызматка дайындалышы тууралуу буйрукка Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков 4-апрелде кол койду.

Эркинбек Камчыбековдун резюмеси:

Туулган жылы: 1986-жылдын 1-апрели.

Туулган жери: Бишкек шаары.

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Билими: Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинен инженер-куруучу адистигине ээ болгон.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында дене тарбия мугалими жана дене тарбия адиси.

Иштеген жери: Талас шаары, «Газпром» спорт комлекси.

Ээлеген кызматы: Директор.

Иш тажрыйбасы:

- Бакай-Ата райондук К.Манапбаев атындагы жаш өспүрүмдөр спорттук мектебинде машыктыруучу (2011-2016-жылдар);

- Бакай-Ата районундагы Капалов Эшибек атындагы орто мектебинде дене тарбия мугалими, директордун тарбия иштери боюнча орун басары (2012-2016-жылдар);

- 2016-2017-жылдары «Газпром» спорт комплексинин директорунун орун басары.

- 2012-2016-жылдары Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык кеңешинин депутаты;

- 2011-2016-жылдары Шадыкан айыл аймагынын жаштар кеңешинин төрагасы;

- 2010-2017-жылдары КСДП партиясынын Талас шаары жана Талас райондору боюнча жооптуу катчысы.

Бир нече сыйлыктар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×