Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 05.04.2018 21:22

Кара-Буурада окуучу кыз өз өмүрүнө кол салды

Turmush -  Таластагы Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы мектептин окуучусу өз өмүрүнө кол салды. ОИИБдин маалыматы боюнча, 10-класста билим алып жаткан кыздын денеси бүгүн, 5-апрелде күндүз өз үйүндө асылып турган жерден табылган.

Учурда тиешелүү органдардын өкүлдөрү тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Андан кийин:

6-апрелде Кара-Буура районунун райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Жумабеков кыздын өлүмү боюнча иликтөөлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, окуучунун суицидге баруусу боюнча укук коргоочулар да билим берүү бөлүмү да иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

«Бизге маалым болгондой, асынып калган окуучу кыз Кызыл-Адыр айылынын Манас орто мектебинин 10-классында окуган. Ошол күнүн мектепке келип, 3 саат сабакта отуруп, анан ишембиликке катышкан. Ушул эле мектепте таежеси директордун орун басары болуп иштейт. Аны менен сүйлөшүп туруп, үйүнө кеткен экен. Кырсык түшкү саат 15:00 менен 16:00дун ортосунда болгон. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу болуп, эч нерсеге муктаж болгон эмес. Мектепте активдүүлүгүн көрсөтүп, маданий иш-чараларга такай катышчу. Классташтары менен эч кандай конфликткке кабылган эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×