Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Кара-Буурада асынып өлгөн окуучу кыз эч ким менен чатакташкан эмес

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында асынып каза болгон кыздын өлүмү боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, окуучунун суицидге баруусу боюнча укук коргоочулар да, билим берүү бөлүмү да иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

«Бизге маалым болгондой, асынып калган окуучу кыз Кызыл-Адыр айылынын Манас орто мектебинин 10-классында окуган. Ошол күнү мектепке барып, 3 саат сабакта отуруп, андан кийин ишембиликке катышкан. Ушул эле мектепте таежеси директордун орун басары болуп иштейт. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин үйүнө кеткен экен. Кырсык түшкү саат 15:00 менен 16:00дун ортосунда болгон. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу болуп, эч нерсеге муктаж болгон эмес. Мектепте активдүүлүгүн көрсөтүп, маданий иш-чараларга такай катышчу. Классташтары менен эч кандай конфликтке кабылган эмес», - деди ал.

Кечээ, 5-апрелде Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы мектепте 10-класста окуган кыз асынып каза болгондугу кабарланган. Анын денеси өз үйүндө асылып турган жерден табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 937
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 26 адам окуп жатат)
×