Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Манас районунда дарактардын 5000 түп көчөтү отургузулду

Turmush -  Манас районунда карагайдын, арчанын, кара талдын 5000 түп көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Манас токой чарбасынын жетекчиси Мирбек Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, токой чарбанын жалпы аянты 23 миң гектарга жетет.

«7 токой коругубуз бар. Өзүбүздүн агенттик тарабынан жылда план берилет. Ошол планды бүгүн бүттүк. 1000 гектар жерибиз 6 айыл менен чектешет. Жалпы 5 гектар 20 сотых жерге 15 миң кара жыгач тигилди. 4 айыл өкмөткө 5 миң көчөт тапшырдык. Алар кооптуу делген жерлерге отургузулду. 10 миңге жакыны сатыкка чыгат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 512
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 24 адам окуп жатат)
×