Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Таласта Апрель революциясында көз жумгандар эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-апрелде Талас шаарындагы Баатырлар сейил багында Апрель революциясында көз жумгандар эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Облустун, райондун жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышкан митинг-реквиемде баатырлардын эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, аларга куран окутулду.

Кара-Буура районунун акиминин орун басары Салкын Карбозованын айтымында, Кара-Буура районунда Аапрель революциясынын 56 баатыры бар. 2 адам окуяда көз жумса, үчөө кийин каза болгон. Учурда 53 баатыр бар.

Ошондой эле Талас шаарында Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондорунун окуучуларынын 7-апрелге арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1068
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×