Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Талас облусуМанас району 09.04.2018 10:03

Айыл турмушу: Манастык Н.Совхозов футболдо ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Манас районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын 23 жаштагы тургуну Жанарбек Совхозов футбол ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алдыда боло турган мелдештерге даярданып жатат.

«Футболду 7 жашымдан бери ойноп келем. Биз окуучу кезде айылда азыркы кездегидей телефон, компьютер, интернет жок болчу. Ошондуктан балдардын баары футбол ойношчу. Чоң балдар ойноп жатканда, аларды кызыгып карап турчумун. Сыналгыдан футбол көрсөтүлүп калса үйдөгүлөрдөн биринчи чуркап барып көрчүмүн. Кийин командаларга кошулуп, чоң мелдештерде ойноп баштадым. 2012-жылга чейин мектептер арасындагы, айылдар арасындагы мелдештерден алдыңкы орундарды алып жүрдүк. Мектепти бүтүп кеткенден кийин райондор аралык мелдештерде ойноп жүрдүм. 2016-жылы облустук мелдештен 2-орунду алдык. 2014-жылдан баштап 2018-жылга чейин райондук мелдештерден биринчиликти берген жокпуз.

Бир жолу райондук мелдештен топту туура эмес тээп алып, анын айынан командабыз жеңилип калып, агайдан 1 жума бою 200 жолу отуруп-туруу көнүгүүсүн жасоо боюнча жаза алганбыз. Балдар мени аябай жаман көрүп, «бизге күнүнө 2 литр суусундук алып бересиң» деп жазалашкан (күлүп). Алгачкы медалымды мектептер арасында өткөн мелдеште алгам. Азыр 14 медаль, 20 грамота, 2 кубогум бар», - деди ал.

Футболчу жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын уулусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×