Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Жубайлар: Жаныш ата балдарын татыктуу тарбиялагандыгы үчүн жубайы Гүлнара апага ыраазы (фото)

Turmush -  Кара-бууралык 61 жаштагы Нурманбетов Жаныш ата жубайы 57 жаштагы Ибраимова Гүлнара апа менен карындашы аркылуу таанышып калып баш кошкон. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жаныш ата: Мен 1957-жылы Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында төрөлгөм. Кесибим механизатор. Ушул күнгө чейин экскаватор айдап иштейм. Жубайым экөөбүз 1980-жылы баш коштук. 2 уул, 4 кыздуу болдук. Бирок улуу балам чарчап калып, 5 баланы тарбияладык. Азыр бардыгы очор-бачар болуп, үй-бүлө курушкан. Жубайымды Таластын Жоон-Арык айылынан алдым. Ал убакта биртке сүйлөшүп эле көңүлдөр табышса үйлөнүүгө сунуш кылып, үйлөнүп алчубуз. Жубайымдын бардык сапаттарына баа берем. Балдарды тарбиялоо жагына күйгөн ушул байбичем. Мен көбүнчө жумуш менен жүрүп, үйгө кечинде келебиз. Балдарымды тарбиялап, ушул даражага жеткиргенге байбичемдин эмгеги чоң. Ушул кезге чейин бири-бирибизден өтүп тынбай эмгектендик.

Гүлнара апа: Мен 57 жаштамын. Өзүм ашпозчулук кесипти бүткөм. Азыр үйдө неберелерим менен отурам. Баш кошкондон кийин 1980-1987-жылга чейин Кара-Буура районундагы ооруканада ашпозчу болуп иштедим. Андан кийин айылга келип, колхоздо тракторчуларга, айдоочуларга тамак-аш бышырып иштеп жүрдүм. Андан кийин төрөп, үйдө отуруп калдым. 4 кызым, 1 уулубуз бар. Жаныш экөөбүз анын карындашы Кызжибек аркылуу таанышып калганбыз. Мен карындашы менен тайпалаш болчумун. Ал бир күнү «агам келип калды, мен агама жолугушум керек, сен да таанышып көр» деди. Кээде жолугуп сүйлөшүп жүрдүк (күлүп). Кийин баш коштук.

Эң биринчи келин болуп келгенде жумушка тың болдум. Эч кыйынчылык тарткан жокмун. Ал учурда баары тамекиде кетишчү эле. Мен жалгыз үйдө калчумун. Мага «мындай кыл, тигиндей кыл» деп үйрөткөн киши болгон жок. Баарын өзүм үйрөндүм. Кайын энемдин кыла албайсың деп айткан сөздөрү эч болгон жок. Кылган жумушума ыраазы болушчу. Кийинчерээк жалгыз балабыз чоңоюп, келиндүү да болдук. Келиним менен балам мектеп учурунан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Биз билип эле жүрдүк. Окууну бүткөндөн 4 жылдан кийин үйлөнүштү. Келиним диний билим алды. Келин алганда тойду адал кылып өткөрдүк. Азыр балам экөө тең намаз окушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 484
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 26 адам окуп жатат)
×