Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Жаш талант: 13 жаштагы Ө.Сапаралиев өзү жүрүүчү оюнчук унааларды жасай алат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 13 жаштагы Өмүрбек Сапаралиев ар кандай оюнчук унааларды жасаганды жакшы көрөт. Аймактык кабарчы жаш таланттан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда 6-класста окуйт.

«4-класстан баштап велосипед оңдоп, өзү жүрө турган электрондук оюнчук унааларды жасайм. Өзүм курактуу балдардын велосипеддеринин дөңгөлөктөрүн жамап, ар кандай тетиктери бузулса оңдоп берем. Булардын дөңгөлөктөрүн 50 сомдон жамап, тетиктерин 200 сомдон салып берем.

Жакында райондор арасында электрондук буюмдарды жасоо боюнча мектептер арасында өткөн мелдешке электрондук оюнчук унаа жасап катыштым. Ага DVDнин кичинекей моторун, батарейка пайдаландым. Анын жардамы менен унаа өзү жүрө алат. Кийин өзгөчө унааларды ойлоп тапкым келет», - деди ал.

Жаш уста үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 491
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 32 адам окуп жатат)
×