Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Манастык Ж.Борошонов футбол боюнча эл аралык мелдештерге катышууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Көк-Дөбө айылынын 20 жаштагы тургуну Жалил Борошонов футбол ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда салык адистиги боюнча 1-курста окуп жатат. Футболдо дарбазаны коргойт.

«Футболго болгон кызыгуум алгач Көк-Дөбө айылындагы агайым Курманбек Бабиршаев уюштурган оюндан башталган. Чоң акелер күн сайын футбол ойночу. Мен анда 8 жашта элем. Мен курактуу жаш балдар алардын талаанын сыртына чыгып кеткен тобун талашып алып берчүбүз. (күлүп).

Бир күнү алар футбол ойноп жатып, мени дарбазага тургузуп коюшту. Дарбазага тепкен топту секирип тоссом «сен мыкты дарбазачы турбайсыңбы» деп макташкан эле. Ошол кезден баштап футболго болгон кызыгуум пайда болду. 7-класстан соң Бишкек шаарындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайда окугам. Ал жактан кыргыз элине эмгек сиңирген машыктыруучулар Н.Алиев, Ч.Бейшебеков агайларымдын кол астында машыгып жүрүп, 14 жашымда Кыргызстандын курама командасына алынгам.

Ар кандай эл аралык мелдештерде 1-2-3-орундарды ээлеп, бир нече жолу «Мыкты дарбазачы» наамын алдым. Бирок боюм чоң футболдун дарбазаларына шайкеш келбегендиктен 2016-жылдан тарта кичи футбол ойной баштадым. 2016-жылы мен үчүн башкача жашоо башталды. Анткени тарыхта биринчи жолу боло турган 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатына жолдомо алганбыз. Мени футбол боюнча Кыргызстан курама командасына алышты. Бизди ал оюнга эл аралык класстагы спорт чебери Н.Жетибаев, М.Дубанаев, Н.Шамонин машыктырышты.

Көптөгөн белгилүү командалар менен ойнодук. УЕФА кубогунун 2 жолку чемпиондору, Казакстандын «Кайрат», «Жети-Суу», «Тулпар» жана башка командалар менен мелдеш өткөрдүк. Тажикстан, Өбекстандын биз курактуу курама командалары менен достук беттеште ойнодук. 2017-жылы Азия чемпионатынын эң биринчи оюнунда Кытайдын курама командасы менен 2:2 эсебинде ойнодук. Бул оюнда 2:0 эсебинде утуп келе жатып, менин айымдан гол киргизилип, тең-тең болгонбуз. Моңгол курама командасы менен 3:3 эсебинде тең болуп, тайпадан чыкпай калдык.

Кыргызстан кубогунда маанилүү оюнда 4:5 эсебинде уткан оюнду эч качан унутпайм. Анткени жеңген учурдагы сезимди сөз менен жеткире албайсың. Оюн учурунда 24 саат бою жаныбызда атайын дарыгерлер жүрүшөт. Жаракат албаганга аракет кылабыз. Анткени жаракат алсаң өзүңө жаман болот. Ал учурда атаандаштар дагы өсүп кетет. Ошондуктан ден соолукту жакшы карайбыз.

Ушул жетишкендиктериме үй-бүлөмдүн, жакын досторумдун, машыктыруучуларымдын аркасында жеттим. Келечекте дүйнөлүк мелдештерге чыгып, кыргыз элинин желегин желбиретким келет», - деди ал.

Дарбазачы үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1240
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×