Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуМанас району 10.04.2018 16:15

Эл ичи — өнөр кенчи: Манастык У.Мусадилалиев белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону (фото)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылынын 26 жаштагы тургуну Урмат Мусадилалиев белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугун багындырган. Аймактык кабарчы балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күрөшкө 12-13 жашынан тарта катыша баштаган.

«Мектепте грек-рим күрөшү менен машыкчумун. Кийин университетке келгенде кыргыз күрөшүнө ыктап кеттим. Ошол кезде акем Ырысбек Ажибеков кыргыз күрөшү боюнча Азиянын чемпиону болгон эле. Кыргыз күрөшүнө келип калышыма ошол акем түрткү болду. Ал мени азыркы машыктыруучум Азамат Осмонбековдун колуна тапшырган. Эң алгач 2012-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алгам. Астанада өткөн мелдеште 3-орунду ээлегем. 2013-жылы Россиядагы дүйнө биринчилигине барып, 3-орунду камсыз кылгам. Жаракатыма байланыштуу 3 жылдай дарыландым. 2017-жылы Астана шаарынан белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болдум. Мелдештерге 90 кг салмакта чыгып жүрөм. Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатабыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле спортто жеңилүү ызасын тарткан учурлар да болгондугун кошумчалады.

«Жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында мелдешке чыкчумун. Мелдештерге жакын 9 кг арыктап, көзүм эле көрүнүп калган. Негизи 1 айлап туура тамактанууга өтөбүз. Камыр тамактардан баш тартып, суюк жана жер-жемиштерге көбүрөөк көңүл бурулат. Атаандашыма утулуп калып, күзгүнү карап алып аябай ызаланып ыйлагам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×