Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Талас облусу, Талас 10.04.2018 18:00

Таласта өрттөн сактануу боюнча машыгуу өттү

Turmush -  Бүгүн, 10-апрелде Талас шаарындагы соода борбордо өрттөн сактануу боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМдин Талас шаары жана Талас району боюнча бөлүмүнүн башчысы, полковник Аманбай Курманалиев билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаарында 2018-жылдын башынан бери 21 өрт кырсыгы катталды. Анын ичинен акыркысы 4-апрелде кафеде чыккан.

«Акыркы убакта өрт кырсыктары көп каттала баштады. Машыгуунун башкы максаты — өзүбүздүн кызматкерлердин ыкчам аракеттерин практикада көрсөтүү жана жарандарга өрт чыккан учурда өздөрүн кандай алып жүрүшү керектигин үйрөтүү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×