Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык Б.Борукеев Голландиядан алынып келинген сарымсактарды өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургуну Бакыт Борукеев 20 сотых жерге сарымсак өстүрүүдө. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сарымсактын 2 түрүн тиккен.

«Өзүм дыйкандын үйбүлөсүндө чоңойдум. Ушул убакка чейин төө буурчак өстүрчүмүн. 1 жылдан бери сарымсак тигип сатып келем. Мага «сарымсак тигип киреше тапсаң болот» деп үкөм Бекжан сунуштаган. Быйыл 20 сотых жерге сарымсактын 2 түрүн тиктим. Бири өзүбүздүн эле сарымсактын болсо, экинчиси голландиядан алынып келинген үрөн экен. 20 сотых жерге 250 кг сарымсак тиктим. Ар бир кг 120 сомдон сатып алдым. Сарымсак 2 жолу чабылып, 1 жолу отолот. Сөңгөктөрүн жулуп турам. 20 күн сайын суу ичип турат. Азыркы учурда биринчи чабагын чаап жатабыз. 1 айдан кийин экинчи чабыгы башталат. Түшүмдү июль айынын орточо ченинде берип калат. Казып алып кургатып сата берем. Былтыр 1 кг 100 сомдон сатып жакшы киреше тапкам. Күз айынан бери айдап, тигүү менен жалпы 36 миң сом каражат жумшалды», - деди ал.

Дыйкан жубайы Ханзада айым экөө 3 баланы тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 777
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 26 адам окуп жатат)
×