Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Талас облусу, Талас 11.04.2018 18:03

Айыл турмушу: Актер А.Байбеков образга көнүп калгандыктан карышкыр болуп сүйлөп жиберет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 24 жаштагы тургуну Азат Байбеков актерлук боюнча билим алып, 1 жылдан бери Таластагы театрда иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, актерлукка кичине кезинен эле кызыгат.

«Мектепти аяктаган соң Б.Бейшалиева атындагы искусство университеттин кино жана театр факультетине тапшырдым. Окуу менен кошо М.Жангазиев атындагы куурчак театрында 3 жылдай иштедим. Жумушумда да окуумда дагы көп ийгиликтерге жетиштим. 2015-жылы студенттер арасында фестивалга «Эр Төштүк» спектаклын коюп, башкы байгени жеңип алдык. 2016-жылы ошол эле спектальди ойноп 2-орунду камсыздадык. Куурчак театрында иштеп 4-5-спектаклде ойночумун. «Маша жана Миша», «Шайыр светофор», «Шайыр достор» жана башка спектаклдерде башкы ролдорду ойноп жүрдүм. 2015-жылы Россиядан атайын режисёр келип, Япониянын «Каркыранын канаты» деген спектаклин койгон. Мен анда да роль аткарып, Казакстандагы сынактан байгелүү орунду ээлеп «Мыкты сахналаштырган көрүнүш» наамына ээ болдук. Роль аткарып жатып сөздөрдү унутуп койгон учурлар да болот. Бул ар бир адамдын өзүнөн болот. Кайсы ролду алсаң ошол нерсе сиңип калат. Куурчак театрда иштеп жүргөндө көбүнчө жаныбарлардын ролун аткарчубуз. Мен карышкырдын ролун алчумун. Ошого көнүп калгандыктан карышкырдын үнү менен сүйлөп жиберген учурларым да болот», - деди ал.

Актер жигит учурда Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрда иштеп жатат.

«Келерим менен экинчи пландагы ролдорду аткарууга мүмкүнчүлүк алдым. Бул да болсо эң бир чоң жетишкендик. Андан тышкары Таластагы телеканалда алып баруучу болуп дагы иштеп жатам. Театрдагы ролдорумдан тышкары 2 тасмага тартылдым», - деди ал.

Актер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×