Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 12.04.2018 09:35

Бакай-Атадагы бала бакчанын терезе-эшиктери жаңыланды

Turmush -  Бакай-Ата районундагы «Наристе» бала бакчасынын 2 корпусунун тең терезе-эшиктери толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу бала бакчанынын директору Бактыгүл Баратбаева билдирди.

Анын айтымында, СССР маалында курулган типтүү имараттын бири 1975- жылы, экинчиси 1980-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошондон бери имараттын ички-сырткы абалын жакшы сактоо үчүн бакчанынын кызматкерлери камкордук көрүп келген. Бирок ага карабатан убакыттын өтүшү менен терезе-эшиктердин эскилиги жетип, өзгөчө кышкысын имараттын ичин жылытуу, жылуулукту сактоо кыйынчылыкка турган. Маселени чечүүгө атайын фонд 860 миң сом жардам берип, эскилиги жеткен терезе-эшиктер толугу менен жаңыланды. Учурда бала бакчада 8 тайпада 208 бала тарибяланууда. Бакчага кошуна 2 айылдын балдары да келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×