Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Талас облусуМанас району 12.04.2018 11:07

Жаш талант: Манастык А.Акылбеков грек-рим күрөшүнөн 10 медаль, 20дан ашык диплом уткан (фото)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 16 жаштагы тургуну Алихан Акылбеков 5 жылдан бери грек-рим күрөшү менен машыгып, мелдештерде ийгиликтерди жарата баштады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 10-класстын окуучусу. Мелдештерге 72 кг салмакта чыгат.

«5-классымдан баштап грек-рим күрөшү менен машыгып келем. Күрөшкө кызыгуума Канат Бегалиевдин ийгиликтери түрткү болгон. Келечекте Акжол Махмудовдой балбан болсом дейм. 2014-жылы Ала-Букада өткөн турнирде 2-орунду алгам. 2016-жылы Талас облусунда жаштар арасында болгон турнирде 1-орунду ээлегем. Таластын ичинде өткөн турнирлерде жакшы орундарды ээлеп жүрөм. Бирок өкүнгөнүм КРнын чемпионатын ута элекмин. Бирок кудай буйруса аны да утам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле спорттогу кызыктуу окуясын айтып берди.

«2014-жылы КРнын чемпионатында атаандашыма 1 упай менен утулуп жаткан болчумун. Күрөштүн 2 мүнөтү аяктап, экөөбүз 2 жакка 30 секунддук тыныгууга чыкканда мен өзүмдү жоготуп, бир баланын үстүнө кулаптырмын. Ал бала мени тургузуп жатканда аны атаандашым экен деп көтөрүп чабыптырмын», - деди ал.

Балбан жигит учурда 10 медаль, 20дан ашык дипломдун ээси. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын ичинен экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×