Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Жубайлар: Б.Токторова классташына турмушка чыгып, 4 баланы өстүрүп, 8 неберелүү болду (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургуну 56 жаштагы тургуну Бегимжан Токторова классташына турмушка чыгып, 33 жылдан бери үлгүлүү үй-бүлө катары жашап келишет. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

«Жолдошум Замир Турусбеков менен 1983-жылы баш коштук. Экөөбүз классташ элек, 10 жыл бирге окудук. Баш кошкон учурда 20 жашта элек. 10 жыл чогуу окугандыктан бири-бирибиздин мүнөзүбүздү жакшы эле билип калганбыз. Замир аскерден келгенден кийин эле үйлөндүк. Экөөбүз классташ болгондон кийин бири-бирибиз менен тамашалашып жүрүп эле жактыруу сезим пайда болуп калган. 33 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатабыз.

Экөөбүз 4 баланы тарбиялап өстүрдүк. 8 неберебиз бар. 2 келин алдык, 2 кызымды турмушка узаттык. Биринчи келиним Таластын өзүнөн болот. Андан кийин биринчи неберелүү болдук.
Келинибизди балам ойлонбой эле отурган жерден, күтүүсүздөн эле алып келип калган.
Экинчи келинибизди Кара-Балтадан алдык. Анда деле балам эч нерсе айтпай туруп эле телефон чалып «Кара-Балтадан келин алып келе жатам даярдангыла» деген боюнча телефонду өчүрүп койду. Биринчи келинди алып жатканда, кандайдыр бир коркуу сезими болгон. Экинчи келинибизди алганда бардыгына токтоо көз караш менен карап калганым билинди.

Биринчи кызым жолдошу менен Бишкек шаарында жашашат. Экинчи кызым үй-бүлөсү менен Көк-Сай айылында турат. Келин алып, кыз берип отуруп жолдошум экөөбүз кантип ушул жашка келип калганыбызды билбей деле калдык», - деди Бегимжан айым.

Жолдошу Замир Турусбеков экөө үйлөнгөн кезди эскерди.

«Жубайымды алып жаткан учурда азыркыдай унаалар жок болгондуктан, колхоздун жүк ташуучу унаасы менен алып келгем. Келинчегимдин кулк-мүнөзүн жактырдым. Мектепте окуп жүргөндө болочок жубайымдын жакшы эле билип калдым. Жакшы сапаттарынын бири, эч ким менен урушуп, айтышчу эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 582
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 22 адам окуп жатат)
×