Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Бакай-Атанын Оро айыл өкмөтүндөгү көчөлөргө түнкү чырактар коюлду

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Оро айыл өкмөтүнүн айылдарындагы көчөлөргө түнкү чырактар коюлуп жатат. Бул тууралуу Оро айылдык кеңешинин депутаты Бактыбек Мотуев билдирди.

Анын айтымында, 1-Май жана Жоон-Коргон, Кыргызстан айылдарынын бардык өчөлөрү 2 млн сомго жарыктандырылууда. Кыргызстан айыл аймагындагы ички көчөлөрдүн бардыгы тегизделип кум-шагыл төшөлүп жатат. Айылдарда мындан тышкары таза суу тартылып жатат. Кыгызстан айыл аймагында 1800 метр жерде, Жоон-Коргон айылында 1450 метр жерге суу түтүктөрү тартылат. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 525 миң сом бөлүнгөн.

Ушул эле айылдагы 150 балага ылайыкталып курулган Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектепте 3 мөөнөт 656 окуучу окуууга аргасыз. Аларга кошумча 2 класс ачуу үчүн 1 млн 200 миң сом каралып, курулуш иштери башталуу алдында турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 940
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×