Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Талас облусуТалас району 12.04.2018 14:35 На русском

Бакай-Атада суу сактоочу көлмөлөр тазаланып жатат

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Шадыкан айыл өкмөтүндөгү суу топтоочу көлмө тазаланууда. Бул тууралуу район акими Чолпонкул Төрөкулов маалымдады.

Анына йтымында, көлмө 750 гектар жерди суу менен камсыз кылат. Тилекке каршы ал 17 жылдан бери эч кандай тазалоодон өтпөй, аймактагы 50 гектардан ашык жерге жетиштүү суу берүүдө маселелер жаралып келген. Быйылкы жылы тазалоо иштери башталып, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 512 миң сом каралды.

Ушундай эле маселе Оро айыл аймагында да бар болчу. Мындагы суу топтоочу жай 1976-жылы пайдаланууга берилгенден бери тазаланган эмес. Бүгүнкү күндө аны да тазалоо боюнча иштер жасалып жатат. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 750 миң сом каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×